Бүгүн Ош шаардык кеңешинин депутаттарына мандаттар тапшырылат

Бүгүн, 25-апрелде Ош шаардык кеңешинин 1-сессиясы башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жыйында шаардык кеңештин депутаттарына мандаттар тапшырылмакчы. "Мындан тышкары кеңештин көпчүлүк коалициясы түзүлөт. Андан соң күн тартибине ылайык иш уланмакчы",- дешти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 27-марттагы шайлоонун жыйынтыгында Ош шаардык кеңешине 6 партия өткөн. Алар: КСДП (16 мандат), "Кыргызстан" (9 мандат), "Мекеним Кыргызстан" (6 мандат), "Республика – Ата Журт" (5 мандат), "Бир бол" (5 мандат) жана "Өнүгүү-Прогресс" (4 мандат). Жалпысынан Ош шаардык кеңеши 45 депутаттан турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан