Президенттин төрагалыгы астында Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин экинчи жыйыны өттү

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында бүгүн, 25-апрелде өлкө башчынын алдындагы Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин экинчи жыйыны өттү.

Жыйында кеңештин катышуучуларына азыркы заманда улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана кеңештин биринчи жыйынында кабыл алынган иш-чаралар планынын өкмөт тарабынан аткарылышы тууралуу маалымат берилди. Ал боюнча вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева баяндама жасады.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө маданиятты өнүктүрүү аркылуу жаңы замандын адамын калыптандырууга жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү мүмкүн экенин белгиледи.

Мындан тышкары Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү күн тартибине коюлган маслелер боюнча ойлорун жана сунуштарын ортого салышты. Талкуунун аягында кеңештин биринчи жыйынында алынган иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы бекитилгенин президенттик аппараттан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан