Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн социалдык багыттагы аткарган иштери тууралуу маалыматын укту

25-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында өкмөттүн 2015-жылдагы иши жөнүндөгү отчётун укту. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында 2015-жылдын 1-июлунан тартып кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 705 сомдон 810 сомго көбөйтүлгөн. Бул 15 пайыздык өсүшкө барабар.

Балдарга ырайымсыз мамиле кылуунун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында 2015-2017-жылдарга карата атайын иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Жалпы республика боюнча бул багытта иш алып бара турган 528 штаб түзүлгөн.

Талкууда депутат Аида Исмаилова: “Ысык-Көл аймагындагы мектептер, балдар бакчалары жакшы иштеп жатат деген менен, андагы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун каражаттары калыс сарпталбай жатканын жергиликтүү тургундар маалымдашууда”,- деп билдирди. Депутаттын айтымында, фонддун каражаттарын өз максатында колдонбогондуктан, жыл сайын кылмыш иштери козголот. Быйылкы жылдын башында эле 2 кылмыш иши ачылганын айтат депутат.

Айтылган сунуштардын негизинде комитет өкмөттүн 2015-жыл боюнча маалыматын угууну бүгүн, 26-апрелде улантмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан