Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барды. Сапардын жүрүшүндө ал Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын курулушу жана Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышат.
Андан сырткары өкмөт башчы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында спорттук таймаштар жана маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлө турган Кырчын капчыгайына барат. Бактуу-Долоноту айылындагы "Газпром-балдарга" социалдык долбоорунун алкагында салынып жаткан ден соолукту чыңдоочу комплекстин курулушу менен да таанышмакчы.