Текебаев: "Эгер мен спикер болуп калсам, өлкөдөгү саясий күчтөрдүн балансы өзгөрөт"

"Эгер мен Жогорку Кеңештин спикери болуп калсам, республикабыздагы саясий күчтөрдүн балансы өзгөрөт. Бүгүнкү күндө мындай болушун каалабайм", - деп бүгүн, 26-апрелде маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна кыскача жооп берди.

Айта кетсек, аталган маалымат жыйынында ал эмнеге спикерликке КСДПнын өкүлүн колдой турганын түшүндүрүп берген. "КСДП - парламенттеги коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракция. Конституцияга ылайык, коалицияны түзүү мандатын президент КСДПга берген. Ошондуктан бул фракциянын өзгөчө ролу талашсыз. Коалициянын түзүлүшүнө, анын ынтымакта иштеп кетишине биринчи кезекте КСДП фракциясы жооп берет. Мындан улам КСДП бул функцияларды мындан ары аткарып кетиш үчүн аларга биз Жогорку Кеңештин төрагасы кызматы берилиши керек деп чечтик. Спикерлик аларга салмак кошот, аброй кошот, ошол тагылган жүктү мындан ары ийгиликтүү аткарганга шарт түзөт деп КСДПнын талапкерин колдоп жатабыз", - деп айткан Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан