Бүгүн, 26-апрелде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын маселелери талкууланды.
Атамбаев Сийяртонун кыргыз өлкөсүнө алгачкы сапары эки тараптуу байланыштардын өнүгүшүнө жаңы дем берип, эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жакындыгын эске алуу менен ар кайсы тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салууга көмөктөшөрүнө ишеним билдирди.
Эки тараптуу кыргыз-венгердик кызматташтыкты чамдатуунун, ошондой эле ар кыл багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн маанисин белгилешти.
Учурдан пайдаланып министр Петер Сийярто Венгриянын өкүлдөрү быйыл сентябрь айында өтчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышарын билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.