"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы депутат Исхак Масалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына көрсөтүүнү чечти. Бул тууралуу фракциянын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо өтүп, талапкерлер: "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 51:51ден бирдей добуш алышкан. Мындан улам жаңы талапкерлер менен жаңы шайлоо өткөрүү жарыяланган.
22-апрелде КСДП фракциясы Чыныбай Турсунбековдун спикерликке талапкерлигин коюуну бир добуштан жактырган. Мындан тышкары анын талапкерлигин колдой турганын "Ата Мекендин", "Республика - Ата Журттун" жана "Бир болдун" лидерлери айтышкан.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бүгүн, 26-апрелдеги жыйынында парламенттин төрагасы кызматына КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин бир добуштан жактырган.