Жогорку Кеңештин комитети депутаттарды айрым артыкчылыктардан ажыратуу демилгесин колдоду

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 26-апрелде депутаттарга берилүүчү артыкчылыктарды кайра тактоо демилгесин жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Жээнчороев учурда республикалык бюджетке оорчулук келип жатканда бюджеттин чыгымдарын кыскартуу керектигин айтууда. "Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда кызматтык турак жай, кызматтык автомашина сындуу бир катар артыкчылыктардан баш тартуу, тейлөө кызматынын штаттык бирдигин кыскартуу, Иш башкармалыгын жоюу аркылуу мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу чаралары каралган", - дейт депутат.

Жээнчороев мурда Жогорку Кеңештин мындай токтому кабыл алынганын эске салып, азыр аны мыйзам түрүндө бекитүү аракети жасалып жатканын кошумчалады. Айрым депутаттар бардык эле депутаттардын материалдык мүмкүнчүлүгү тең эмес экенин айтышып, айрым жагдайларды кайра карап чыгууну сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан