КҮНСЕРЕП: Хан ордодо Шералынын чокою көрүнбөйт

Бүгүн, 27-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Депутаттардын 88 добушу менен Чыныбай Турсунбеков эки апта бою ээсиз турган Жогорку Кеңештин төрүнө отурду. Бактысын сыноо үчүн КСДПга атаандаш болуп жарышка чыккан "Өнүгүү-Прогресстин" талапкери Исхак Масалиев 26 гана добуш алып, сенсация жарата алган жок.

КСДП президенттикти, премьер-министрликти, эми спикерликти ээледи. Бийликтин узурпацияланышы, эски бакиевдик режимдин кайрадан орношуна карата айтылган сындар кулак сыртынан кетти. Бийликтин бардык рычагынын бир адамда болушу жыргатпай турганына көз жеткенде 2005-жылы акаевдик, 2010-жылы бакиевдик режим кулатылган. Бүгүн мамлекетте толук бир партиялык режим орноду. Бийликтин бардык бутактарынын бир партияга топтолуусуна президент жол бербеши керек эле. 2010-жылкы бийлик алмаштырууда "бийлик мындан ары бир кишинин колунда болбойт" дегендердин ана башчысы Текебаев бийликти өз колу менен "революциялаш" досуна өткөрүп берип, анысын кемчилик катары моюнга алгысы келбеди. Кашкайып турган чындыкты башка өңүттөн карап, КСДПнын колуна бийликтин камчысы эмес, жоопкерчилик берилип жатканын айтып актанды.

2010-жылы Ак үйгө илинген "эски чокойду" азыркы бийлик акыры үзө чапкандай сыяктанат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги кетирилген кемчиликтерди депутаттар иликтемекчи болушту. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети министрликтин ишин иликтөө жана анын айрым чуу жараткан кызматкерлери боюнча айтылган маалыматтарды текшерүү үчүн депутаттык комиссия түздү. Комиссия курамына 5 фракциядан бирден депутат киргенин SUPER.KG порталына бүгүн депутат Абдывахаб Нурбаев ырастады.

ТИМдин ишине акыркы жылдары жарандык коомдо нааразычылык күчөдү. Кыргыз өлкөсүндө адам укуктарынын корголушу боюнча АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасына кайтарган жообу дагы бир нааразычылык толкунун жаратты. Жакында бир катар өкмөттүк эмес уюмдар ТИМдин жообун сындашып, министрликтин башчысы Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылышты. Алар министрди "АКШга кайтарган жообу татыксыз, министрликти башкара албаганын көрсөтүп жатат" деп айыпташууда. Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси Сагынбек Ибраевдин жана элчиликтин кызматкери Эсен Аксамаевдин жоопкерчилигин кароо маселеси да кабыргасынан коюлуп жатат. Элчиликтин өкүлдөрү Пакистанда кулчулукка кабылган кыргыз айымына жардамдашпай койгону үчүн айыпталышууда.

Дагы бир жагдай. 2013-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Шамил Кайкиев Москвада мас абалында автоунаа айдап жүргөн жеринен кармалган. Бирок дипкызматкерге жарашпаган жоругу үчүн жаза алуунун ордуна кызматынан көтөрүлүп, экзотикалуу өлкөгө "күнөстөп" келүүгө жиберилген. 2015-жылы Кайкиев Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилигине кеңешчи болуп дайындалган. ТИМ анын кызматка дайындалышын 13 жылдык иш тажрыйбасы, ишин жакшы билери менен байланыштырган. Белгилей кетчү нерсе, Шамил Кайкиевдин агасы Эмил Кайкиев учурда ТИМде министрдин орун басары кызматын ээлейт.

Эгерде депутаттык комиссия министрликтин ишин канааттандырарлык эмес деп тапса, анда министр Эрлан Абдылдаев кызматынан кол жууйт.

Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөттүн мүчөлөрү эртең парламентте ант беришери маалымдалды. Ант берүү аземине адаттагыдай президент Алмазбек Атамбаевдин катышары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңеш премьер-министрди жана өкмөттүн жаңы курамын бекиткен. Эртеңки берчү анттарын кошо эсептегенде министрлердин көбү төртүнчү жолу парламенттен ант беришет. Өкмөт башчылары алмашканы менен, министрлердин басымдуу бөлүгү орундарын сактап калышууда. Аларга анттын баркы деле калбады сыяктанат. Баш мыйзамга алакан коюшуп берилген анттар канчалык деңгээлде бузулбай аткарылып жатканы белгисиз. Формалдуу иш-чара экени чындык. Ошол эле учурда анттын да өзүнүн мааниси болушу керек. "Берген антын бузду" деп кызматтан алынган же жоопко тартылган өкмөт өкүлдөрү боло элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан