Тышкы иштер министрлигинин ишин жана айрым дипломаттар тууралуу чуулуу маалыматтарды иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети депутаттык комиссия түздү. Маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 27-апрелде комитеттен тастыкташты.
Маалыматка таянсак, комиссия Казакстанда маанилүү жыйындан чыгып кеткен дипломаттын жүрүм-турумун, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилигинин айрым кызматкерлеринин ишине ылайыктуулугун, адам укуктары боюнча АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасына кайтарган ТИМдин жообун иликтейт. Жакында Мамлекеттик департамент адам укуктарынын жетиштүү корголбой жатышы боюнча кыргыз өлкөсүнө сын айтып, ага Тышкы иштер министрлиги жооп узаткан. ТИМ аталган баяндаманын максатын "өлкөнүн саясий системине басым жасоо аракети, саясий шантаж" деп атаган.
Эки күн мурун 24kg дипломаттар туура эмес жоруктары үчүн жоопко тартылбай, тескерисинче, кызматынан көтөрүлүп жатышканы тууралуу макала жарыялады.
2013-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Шамил Кайкиев Москвада мас абалында автоунаа айдап жүргөн жеринен кармалган. Бирок 2015-жылы Кайкиев Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилигине кеңешчи катары ишке орношкон. ТИМ анын кызматка дайындалышын 13 жылдык иш тажрыйбасы, ишин жакшы билери менен байланыштырган. Белгилей кетчү нерсе, Шамил Кайкиевдин агасы Эмил Кайкиев учурда ТИМде министрдин орун басары кызматын ээлейт.
ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин учурдагы кызматкери Дмитрий Ли тууралуу да чуу чыккан. Ли 2012-жылы өлкөнүн Минсктеги элчилигинде иштеп турганда Польшанын аймагында тийиштүү акциздик маркалары жок көп сандагы тамекини жеке үйлөрдүн биринин гаражына кызматтык унаасы менен алып келген деп аткезчиликке шектелип кармалган. Көп өтпөй бошотулуп, бир жылдан кийин Дмитрий Ли ошол эле унаасы менен автокырсыкка кабылат. Ал учурда дипломат мас болгон.
Аталган кызматкерлер бүгүнкү күнгө чейин Тышкы иштер министрлигинде иштеп жатышат. Депутаттык комиссия жогоруда айтылган жагдайларды иликтөөгө киришкени турат. Комиссия ишинин жыйынтыгы парламентте каралат.