Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында спикерди шайлоо процесси өтүп жатат. Анын жүрүшүндө эки талапкердин бири, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан ЖКнын депутаты Исхак Масалиев өз программасы менен депутаттарды тааныштырууда.
"Мен үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары бирдей. Баарына бирдей мамиле кылып келем. Парламентти бийлик жана оппозиция деп бөлүүгө кызыкчылыгым жок", - деди Масалиев.
"Парламенттик шайлоо алдында партиялар ар кандай иш-чараларды өткөрүп, көптөгөн убадаларды айтышат. Шайлоо бүткөн соң эл депутаттарга нааразы болуп калат. Ошондуктан биз шайлоочулар менен тез-тез жолугушуп турсак, жолугушууларды жыйынтыктуу өткөрсөк... Бир эле төрага парламент алдындагы маселелерди чече албайт, Жогорку Кеңештин сапатын өзгөртө албайт. Буга убакыт жана эмгектенүү керек.
Жогорку Кеңешти ким гана сындабайт. "Депутаттар жыргап эле жүрүшөт" деген сын-пикирлерди коомчулукта айтышат. Элдин сынын угуп, биз кызматтык унаалардан баш тарттык, ал эми парламенттин аппаратынын кызматкерлери кызматтык унаалар менен жүрүшөт. Жардамчылардын санын кыскарттык, ал эми аппарат кызматкерлери чоң кабинеттерде отурушат", - деди Масалиев.
Сөзүнүн соңунда талапкер спикерди шайлоону таза, күчкө салууну колдонбой өткөрүүнү депутаттардан суранды.