Жогорку Кеңеште жаңы шайланган төрага Чыныбай Турсунбеков депутаттарга, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, ага ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
"Урматтуу депутаттар, мен үчүн төрага кызматы - чоң жоопкерчилик. Ишенимиңер үчүн рахмат айткым келет.
Урматтуу Исхак Абсаматович (шайлоодо анын атаандашы болгон депутат Исхак Масалиев - ред.), сиз бүгүнкү шайлоого катышып, шайлоонун көркүн ачтыңыз. Ийгиликтериңиздин баары жалпы жакшылыктын ийгиликтери болуп турсун.
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, 2 жумадан бери туура эмес иштер болбосун деп депутаттардын ар бир кыймылын жакшынакай көзөмөлгө алып иштедиңиздер.
Эми шайлоо бүттү. Шайлоонун эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө, мен үчүн чуркап жүргөн жумушчу топтун мүчөлөрүнө, мага ишенген адамдарга чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем", - деди Турсунбеков.
Андан соң ал журналисттерге берген маегинде "ачык" спикер болорун билдирди. "Асылбек Жээнбековдой "жабык" спикер болбойсузбу?" деген суроого: "Менин ачык мүнөзүм бар, ар бир журналист менен сүйлөшүүгө даярмын", - деди Турсунбеков.