Жанар Акаев: "Чет өлкөдө окуп-иштеп келген жаш балдарды "эски чиновниктер" бузуп жатышат"

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөөгө байланыштуу тендер маселеси талкууланып жатат. Анын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлүнөн аталган тендерге экс-премьер-министр Темир Сариевдин тиешеси бар же жок экени тууралуу сурады. УКМКнын өкүлү буга так жооп бере албай койду. "Учурда тергөө жүрүп жатат. Сурактар да жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, сотко жөнөтүлөт", - деди УКМКнын өкүлү.

Андан соң Ж.Акаев чет өлкөдө билим алып, иштеп келген жаш балдарды "эски чиновниктер" бузуп жатышканын айтты. "Комиссия аталган тендер боюнча бүт күнөөнү транспорт жана коммуникациялар министринин мурунку орун басары Улан Уезбаевге тагып жатат. Ал күнөөлүүбү же күнөөлүү эмеспи билбейм, бирок жаш жигиттерди кылмышкер кылуу акыркы учурда көп байкалууда. Мисалы, Мамлекеттик каттоо кызматынын катчысы Нурлан Шерипов, Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев жок жерден күнөөлүү болуп калышты. Ал эми Оштогу "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын жетекчиси 400 миң сом пара менен кармалып, үй камагына чыгарылды", - деди депутат.

Андан соң Акаев Балыкчы-Корумду унаа жолунун айланасындагы окуя өкмөт жана парламент үчүн сабак болуш керек экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан