Чоң-Алай районунун тоолуу Кара-Тейит айылында ашар жолу менен 10 миң түп көчөт отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Айыл тургундары Кара-Тейит айылындагы Кара-Жылга эс алуу багынын 3 гектар жеринин айланасын тосушту. Кара тал, өрүк, терек сыяктуу жаш көчөттөр отургузулду. Айыл өкмөттүн көтөргөн демилгесин колдоп, жалпы эл ашарга чыкты. Бактын айланасын тосмолоону айыл аймагынын башчысы каржылады", - деди окурман.
Эскерте кетсек, Чоң-Алайда өлкөбүздүн башка аймактарына салыштырмалуу жаз кеч келет.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.