Жогорку Кеңешке Темир Сариев келип, чуулуу тендер боюнча маалымат бериши мүмкүн

Жогорку Кеңештин 28-апрелинин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков ("Бир бол")
Балыкчы-Корумду жолун оңдоп-түзөөгө байланыштуу тендер маселесин талкуулоого экс-премьер-министр Темир Сариевди чакырууну суранды.

"Кечээ биз аталган маселени карап жатканыбызда, чуулуу тендерге тиешеси бар делинген Темир Сариев да, Аргынбек Малабаев да, Улан Уезбаев да катышкан жок. Кечинде Сариев "эгер мени чакырышса, келип баарын айтып бермек элем" деп жазыптыр. Аны укпай койгонубуз туура эмес. Бүгүн Балыкчы-Корумду жолу маселесин кароону улантуу күтүлүүдө. Талкууга бардык тийиштүү адамдарды чакыралы", - деп суранды Субанбеков.

Бул сунуш добуш берүүгө жөнөтүлүп, жыйынтыгында 97 депутат Т.Сариевди, А.Малабаевди жана У.Уезбаевди жыйынга чакырууга макул болду.

Айта кетсек, кечээ, 27-апрелде Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендер маселеси тууралуу парламенттин убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Сариев менен Малабаев жыйынга чакырылганын айтып, бирок алар келбей коюшканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан