Оппозициялык депутаттар жаңы шайланган спикерди сынга алышууда

Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйынында оппозициялык "Бир бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова кечээ спикерликке шайланган Чыныбай Турсунбековду регламентти сактабаганы үчүн сынга алды.

"Кечээ Балыкчы-Корумду унаа жолуна байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин күн тартибине процедураны бузуу менен киргизилди. Бул маселе тармактык комитетте каралбай, координациялык кеңештин чечимисиз палатага алынып келинди. Сиз кечээ шайланып жатканыңызда "регламентти бекем сактайм" деп убада бергенсиз. Мындан ары Жогорку Кеңеште регламентти бузуулардын болбой турганына ишенем", - деди Жакупова.

Буга спикер Ч.Турсунбеков "Балыкчы-Корумду жолу боюнча депутаттык комиссия эч кандай комитетке тиешеси жок" деп жооп берди. "Бирок маселе күн тартибине кантип киргизилгенин тактап, аны аягына чыгарабыз", - деп убадалады Турсунбеков.

Айта кетсек, кечээ да "Бир бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу маселе каралып жатканда, төрагалыкты жаңы шайланган спикер Чыныбай Турсунбеков эмес, анын орун басары Нурбек Алимбеков аткарып жатканына нааразычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан