Жогорку Кеңеш Темир Сариевдин өкмөтүнө "3" деген баа берди

Бүгүн, 28-апрелде өкмөт 2015-жылы жасаган иши боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берди. Баа берүүгө келгенде депутаттардын ортосунда талаш-тартыш жаралды.

Депутат Максат Сабировдун айтымында, эгер парламент өкмөттүн 2015-жылы жасаган ишине "жакшы" деген баа берсе, экс-премьер-министр Темир Сариевди кайтарууга туура келет. "Азыркы жаңы өкмөттүн отчёт берүүгө укугу жок, анткени биз аны жаңы шайладык. Биз буга чейинки өкмөткө баа берип жатабыз", - деп түшүндүрүүгө аракет жасады Сабиров.

Депутат Мыктыбек Абдылдаевдин билдиришинче, эгер өкмөт парламенттен "канааттандырарлык эмес" деген баа алып калса, анда түздөн-түз отставкага кетпейт. "Бирок биз өкмөткө расмий ишенбөөчүлүк көрсөтсөк болот. Андай маселе койгон жокпуз. Ошондуктан "канааттандырарлык эмес" деген баа берүүдөн коркпошубуз керек. Бул баадан өкмөткө юридикалык жактан эч нерсе болбосо, моралдык жагы бар", - деди Абдылдаев.

Мындай талаш-тартыштан улам депутаттар юристке кайрылууга мажбур болушту. Юристтин айтымы боюнча, өкмөт "канааттандырарлык эмес" деген баадан эч нерсе болбойт.

Депутат Садык Шер-Нияз: "Эгер эч нерсе болбосо, анда баа берүүнүн эмне кереги бар?" - деп сурады.

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңеш өкмөткө жакшы баа берип, моралдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Депутат Төрөбай Зулпукаров кесиптештерине бааларды жөнөкөй тил менен түшүндүрүүгө аракет жасады. "Эң жакшы" деген баа - "5", "жакшы" - "4", "канааттандырарлык" - "3", ал эми "канааттандырарлык эмес" деген баа - "2". Өкмөт парламенттен "канааттандырарлык эмес" баа алып, отставкага кетпейт", - деди Зулпукаров.

Талкуунун соңунда сөз премьер-министр Сооронбай Жээнбековго берилди. Ал өкмөттүн алдында жакшы программалар бар экенин айтты. "Өкмөттөн кеткени кетти, болгону болду. Алдыбызда жакшы долбоорлор, программалар бар. Аларды ишке ашырууга аракет кылабыз", - деп убадалады өкмөт башчы.

Андан соң спикер добуш берүүнү жарыялады. Анын жыйынтыгында "канааттандырарлык" деген баага 59 депутат "макул", 54 депутат "каршы" деп добуш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан