Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын негизделген күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчынын куттуктоосу:
“Урматтуу борбор шаардын жашоочулары жана коноктор!
Кымбаттуу бишкектиктер!
Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Ар бир шаардын тагдырын, калыптануу жолун тарыхый кырдаал, эң башкысы, адамдар аныкташат. Ошондуктан Бишкектин ар бир тургуну үчүн бүгүн өзгөчө күн. Бүгүн жылуу илеби жана жаркын маанайы менен бардык шаардыктарды бири-бирине жакындатып, алардын борбор шаарыбыздын тарыхый тагдырына тиешеси бар экенин туюндурган таберик күн.
Акыркы жылдары Бишкек өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары өз өнүгүүсүндө маанилүү баскычты басып өтүүдө. Шаар жакшырууда жана жаңыланууда. Көптөгөн жаңы имараттар курулду, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, соода жана тейлөө чөйрөсү кулачын жаюуда, жолдор оңдолууда.
Кымбаттуу шаардыктар!
Бишкек – чокусун ак мөңгү баскан улуу тоолордун этегинде жайгашкан эң сонун шаар. Кыргыз мамлекетинин калкынын 20 пайызынан ашкан эли бар шаар. Ошондуктан бардык башка ири мегаполистер сыяктуу эле шаарда көптөгөн маселелер бар. Бирок бүгүнкү Бишкек – келечекке умтулган шаар.
Бишкекте иштерман, мээнеткеч эл жашайт. Алардын эмгекчилдиги жана эркин ойлоп, замандын шары менен тең жарышкан жашоо адымы өзгөчө жылуу маанай жаратып, кыргыз борборунун кайталангыс мүнөзүн жаратууда. Эми Бишкектин мээримдүү жана өзүнө тарткан жагымдуу жүзү болушу керек. Буга жетишүү үчүн мамлекеттин, мэриянын, депутаттардын, албетте, шаардын карапайым жашоочуларынын биргелешкен аракети зарыл. Эгерде ар бир шаардык тазалык, тартип үчүн камкордук көрсө, алар өздөрү адептүү жана маданияттуу болушса, анда Бишкек сөзсүз таза, көрктүү жана сыймыктуу шаар болот. Бишкек Борбор Азиядагы эң жашыл борбор шаар деген бир кездеги атак-даңкын кайтара алат. Биргелешкен аракет менен Бишкекти күнөстүү шаарга, бактуу шаарга, жашоого жайлуу, балдардын күлкүсү жаңырган бейпил үйгө айландыра аларыбызга ишенем.
Урматтуу борбор шаардын жашоочулары!
Сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, жарык маанай, бакубатчылык жана ийгилик каалайм! Ар бир үй-бүлөдө ырыс-ынтымак, жакшылыктар орносун!
Сүйүктүү борборубуз гүлдөп-өнүгүп, көрктүү, байманалуу шаар болсун!"