Бишкекте аялды, анын сиңдисин жана кызын өлтүрүүгө шектелген Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 01:20 чамасында милицияга "борбордогу Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен адам өлтүрүү фактысы катталды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери турак жайда Жалал-Абад облусунда 1975-жылы туулган М.В. аттуу аял, анын 1997-жылы туулган М.Н. аттуу кызы жана 1989-жылы туулган М.А. аттуу сиңдиси белгисиз адамдар тарабынан бычакталып өлтүрүлгөнү аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары А.Осмонкулов көчөсүнөн, Чоң Чүй каналынын жанынан канга боёлгон бычак менен 1982-жылы туулган Ш.К. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган. Окуя болгон үйдөн дагы бир бычак жана кан болгон кийимдер алынган. Бул факт боюнча соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү менен каза болгондор тааныш болгон эмес.