Бүгүн, 30-октябрда Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммити болуп өттү.
Саммитте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ТМУга Орусияны киргизүүнү сунуштады.
"Биздин уюмдун кадыр-баркын жогорулатуу максатында Орусиянын ниетине оң карап, ага бул форматка кошулууну же ТМУнун ишмердигине байкоочу катары катышууну сунуштоо туура жана адилеттүү чечим болмок", – деди Токаев.
Казакстандын башчысы Орусия ири держава катары кылымдар бою түрк дүйнөсү менен тыгыз байланышты сактап келе жатканын кошумчалады.