Айыл чарба министри: "Биринчи МТС майдын экинчи жарымында ачылат"

Машиналык-трактордук станцияларды (МТС) түзүү боюнча өкмөттүн буйругун аткаруу максатында Айыл чарба министрлигинин адистери жер-жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев билдирди.

"Бул иштер график боюнча кетүүдө. Алгач Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылында 10-20-май аралыгында биринчи МТСтин уюштурулушу боюнча чоң семинар өткөрүлөт. Андан кийин Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында, июль айында Жалал-Абад, Баткен, Ош облусунда ушундай иштер аткарылмакчы", - деди министр.

Анын айтымында, Экономика жана Каржы министрликтери, Социалдык фонд, айыл өкмөттөрү салык маселелерин чечип берүүнү суранышууда. "МТСтерди түзүү боюнча эч кандай тоскоолдуктар жок, жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Биринчи МТС майдын экинчи жарымында ачылат", - деп маалымдады Бекбоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан