Шайлоочулар үчүн сурап-билүү телефондору иштей баштады
Борбордук шайлоо комиссиясынан маалым болгондой, эми шайлоочулар жергиликтүү шайлоого катышуучулардын тизмесинен өздөрүнүн аты-жөнүн текшере алышат. Ал үчүн 15-ноябрга чейин (0312) 62-09-09 номерине чалып, тактап алышса болот. Эскерте кетсек, 25-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо тизмеде аты-жөнү жазылган гана шайлоочу добуш бере алат жана кошумча тизме болбойт.