Жогорку Кеңештин депутаттары Май майрамдарына карата 9 күн ишке чыгышпайт. 1-майдан 5-майга чейинки дем алыш күндөрүнөн тышкары 6-7-май күндөрү депутаттар аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөрү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. 8-май жекшемби күнгө туш келсе, 9-май кайрадан дем алыш күн. Депутаттар 10-майда ишке чыгышат.