Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагынын тургундары бензин менен жүрүүчү тракторду жасап чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"ЗИЛ-130 жана жүк ташуучу ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаанын тетиктерин чогултуп, трактор жасап чыгышты. Кубаттуулугу ЗИЛ унаасынын күчү менен барабар, анткени тракторго коюлган мотор ЗИЛ-130 унаасынын мотору. Ал эми мост ГАЗ-53кө таандык. Жасалган трактор жер айдап, жүк ташыганга ылайыкташкан. Айылдык уста бир жарым жыл аралыгында жасап чыккан. Эң кызыгы, трактор бензин менен жүрөт", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.