Баткен. Бөжөйлүктөр жол маселеси чечилбесе, шайлоого катышуудан баш тартабыз дешүүдө

Кечээ Баткен облустук администрациясында Баткен районунун Бөжөй айылынын тургундарынын митинг өткөргөнү маалым. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Садык Акматов: "Биз Сох анклабында жашагандыгыбызга байланыштуу Кыргызстанга өзбек чек арасынан өтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп келебиз. Ошонун айынан Өтүкчү айылынан Бел айылына чейин 14 чакырым жолду куруп берүүсүн суранып митингге чыктык. Негизи, бул жолдун долбоору даяр. Куруу иштерин ушул жылдын 2-жарымында бүтүрүп беребиз дешкен. Бирок андай болгон жок. Жолдун жоктугунан элибиз жапа чегүүдө. Буга 6-ноябрь күнү өзбек чек арачылары кыргыздардын жыйырмадай автоунааларын жүргүнчүлөрү менен эртең мененки 10:00дөн түнкү саат 1:00гө чейин кармап турушканы далил. Машинадагы карылар, жаш балалуу энелер баары суукта үшүп кыйналышты",- деп билдирди. Митингчилер менен Өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков жолугушуп: "Учурда жолду курууга каражат жок, өкмөттөн үмүт кылгандык бул бекер иш. Анын ордуна жолдун программасын түзүп, марафон өткөрүп, акча топтогула. Жолду ашар жолу менен баштайлы. Мен да колумдан келген жардамымды аябайм”,- деди. Бирок айыл тургундары Разаковдун жообу канааттандырбаганын айтышты. Алардын айтымында, марафондон жол курууга жетишерлик каражат чогулбайт. Аталган жолду курууга 1 миллион сомдон ашык каражат керектелет. "Биз топтогон акча  кум сүрүүчү машиналардын күйүүчү майына араң жетет. Үмүт кылып баштай береличи, андан аркысын көрө жатарбыз” дейт айыл тургундары. Ошондой эле бөжөйлүктөр эгер жол маселеси чечилбесе, 25-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуудан баш тартабыз деп билдиришти.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан