Бүгүн, 4-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Күрп-Сай, Кызыл-Бейит, Кургакты айылдарына азыркыга чейин электр энергиясы тартыла элек. Аталган айылдар курамына кирген Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Келдейбай Сатыбеков светсиз айылдын жашоочулары техникалык прогресстен артта калышканын билдирди. Айтымында, мурунку бийликтин тушунда айылдарга электр жарыгын жеткирүү чыгымдары такталып (36 миллион сом жумшалары айтылган), ошол боюнча унутулуп калган. Андан бери тийиштүү органдарга көптөгөн каттар жазылып, жооп кайтарган киши болбой жатканын айтат жергиликтүү чиновник.
Бийлик "Датка-Кемин" подстанциясынын курулушу менен мамлекетибиз коңшулардан энергетикалык көз карандысыздыкка жеткенин айтып жүрөт. Жогоруда сөз болгон айылдар өткөн кылымдардын шартында жашап жатканда, энергетикалык көз карандысыздыкка жеттик деп айтуу кыйын. Кресло, планшет, чиновниктер үчүн сууда сүзүү кызматтарын сатып алууга салык төлөөчүлөрдүн миллиондогон акчаларын садага чабууга даяр чиновниктердин чырак менен отурган айылдардын көйгөйүн көңүлгө албай жатышы өкүнүчтүү. Чиновниктер өздөрүнө шарт түзүүгө келгенде акча таап, элдин муктаждыгына келгенде бюджеттин тартыштыгын бетке кармоону токтотушса болор эле.
Ак үй менен Көк үйдүн штаттык бирдиктерин кыскартуу менен миллиондорду үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк бар, бирок чыгымдарды кыскартуу демилгелери азырынча кагаздарда гана. 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин спикерликке шайланып жатканда Асылбек Жээнбеков "парламенттин аппарат кызматкерлери азайса, Жогорку Кеңеш алсызданып кетет" деп чыккан. Дүйнөнү каатчылык толкуну каптаган азыркыдай кырдаалда чиновниктердин өздөрүнө ыңгайлуулук түзүүгө камылга көрүшү эмес, сандан сапатка өтүү маанилүү болуп турат. Азыркы парламенттин чыгымын кыскартуу маселесинин жабык эшик артында каралышы да коомчулуктун сынына кабылган эле.
Аталган 3 айыл район борборунан 130 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мектеп, бала бакча, оорукана жок. Кызыл-Бейит менен Кургактыны сырт менен байланыштыруучу автоунаа жолу курулган эмес, жашоочулар башка аймактар менен байланышууга кайык менен Нарын дарыясын кесип өтүшөт. Балдары Разан-Сай айылындагы же Таш-Көмүр шаарындагы туугандарыныкында жүрүп окушат. Жогорку Кеңештин жылдык бюджети 750 миллион сомдун тегерегинде, депутаттарга жакшы шарттын баары түзүлгөн. Миллиондор тоскоолдуксуз берилип жаткан соң, светсиз отурган айылдарга парламент баш оорутуп отурмак беле...
Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын жыйындарына катышпаган депутаттарды мандаттан ажыратуу боюнча мыйзамга кол койду. Мамдуманын депутаттары эми 30 күндөн ашык өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаса, мандаттан кол жуушат. Депутаттын ыйгарым укуктарын токтотууну фракция же комитет демилгелөөгө укуктуу. Мандаттан ажыратуудагы негиздерди парламенттин этика боюнча комиссиясы аныктай турганы айтылды.
Депутаттардын жыйынга катышпай коюшу биздин Жогорку Кеңеште да актуалдуу маселе. 2015-жылдын 9-декабрында Жогорку Кеңештин жыйынына 120 депутаттын 27си гана катышкан. Депутат Акылбек Жапаров жыйынга катышпай жаткан депутаттардын айлыктарынын 50 пайызын кыскартып салууну сунуштап, ошол маалдагы спикер Асылбек Жээнбековго: "Мындай көрүнүш 4-жолу кайталанып жатат. Дайыма "2-3 маселе калды, саат 14:00гө чейин иштеп коёлу" дейсиз. Анда "саат 14:00гө чейин иштеп, түштөн кийин иштебейбиз" деп элге айтып коюңуз", - деген.
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын жыйындарында абал мындан да начар болгон. 2014-жылдын 19-ноябрында парламент 11 депутат менен жыйын өткөргөн. 2015-жылдын сентябрында парламент депутаттары алдыдагы шайлоонун камылгасы менен алпурушуп жүрүп Жогорку Кеңеште бир да жыйын өткөрүшкөн эмес. 2-сентябрда пленардык жыйынга 120 депутаттан 52 гана депутат келип, жыйын үзгүлтүккө учураган. Кийинки күнү мындан да аз депутат келип, кворум чогулган эмес. Мындай көрүнүшкө төрага Асылбек Жээнбеков "табигый нерсе" деп баа берип, "шайлоо алдындагы үгүт иштери бүткөнгө чейин Жогорку Кеңештин отуруму болбойт" деп ишти бүтүргөн. Ошентип, депутаттар сентябрда иштешпесе да кадимкидей маяна алышкан.
Жогорку Кеңештин регламентинде жыйынга себепсиз келбеген депутаттарга көрүлүүчү жазалар каралганы менен, жыйынды көп калтырганы үчүн мандаттан ажыраган эл өкүлү болгон эмес. Жыйынга катышпагандарынын айлыгынын 10 пайызын кармап калуу чарасын колдонушкан. Жеке бизнестеринен айына миллиондогон сом киреше тапкан депутаттарга айлыгынан кармалган азыраак сумма таасир этпеген өңдүү. VI чакырылыштын депутаттары жыйынга катышпаган депутаттардын айлыгынын 50 пайызын кармап калууну сунуштап чыгышты. Азыркы депутаттардын басымдуу бөлүгү ишкерлер экенин эске алганда бул чаранын деле жардам бериши чоң күмөн.