Бишкектеги Заманбап эстрадалык бий федерациясынын 10 жылдык мааракесине карата араб бийи боюнча чемпиондук өтөт. Мааракенин күн тартиби төмөнкүдөй:
12-апрелде мааракеге арналган концерт болот. Мында Бишкек шаарындагы бийчи, мугалим жана командаларга “Эң мыкты команда”, “Эң мыкты бийчи” жана “Эң мыкты бий студиясы” наамадары ыйгарылат.
13-апрелде Сирия жана Казакстандын араб бийинин чеберлери аталган бийдин тарыхы, анын ыкмалары жана кийилүүчү кийимдер жөнүндө айтып беришет.
14-апрелде араб бийинин чемпиондугу Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат.