Бүгүн, 5-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бүгүн эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганына 23 жыл болду.
1993-жылдан бери Баш мыйзамга 7 жолу өзгөртүү киргизилген. Акаев 4 жолу өзгөртүп, ар бир өзгөртүү менен президенттик ыйгарым укуктарын бекемдеп отурган. Бакиев 3 жолу өзгөрткөн. Ал эми 2010-жылы 7-апрелдеги революциядан кийин авторитаризмге кайрылуучу жолду бөгөө үчүн кыргыз эли референдум жолу менен жаңы Конституция кабыл алып, аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген.
Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасынан Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылышы Конституцияны өзгөртүүнү эңсегендерге жакшы шылтоо жаратты. Конституциянын 41-беренеси, 2-пункт: "Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн, эл аралык келишимдерге ылайык, адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана (же) зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт". 6 жыл мурун кабыл алынган Баш мыйзамга адам укуктарын коргоого карата ушундай норма кошулган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети быйыл 21-апрелде Июнь окуясына катыштыгы бар деп соттолгон Аскаровду абактан бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууну талап кылган баяндамасын жарыялаган. Аскаров күнөөлүүбү же БУУ тааныгандай күнөөсүзбү, ал башка кеп. Маселе башкада.
1998-жылы президент Аскар Акаевдин президенттик экинчи мөөнөтү аяктап баратканда ага күчтүү атаандаш катары Феликс Кулов чыгып, 2000-жылы "каржылык тартип бузган" деген айыптоо менен түрмөгө камалган. Ошондо да Адам укуктары боюнча эл аралык лига баштаган бир катар эл аралык уюмдар Кулов саясий негизде куугунтукталып жатканын айтып чыгышкан. Европалык союздун парламенти кыргыз өлкөсүнүн жетекчилигин Куловду тез арада түрмөдөн бошотууга чакырган. Эгерде ошол маалда азыркы Конституциянын 41-беренесинде жазылгандагыдай норма иштегенде, эл аралык коомчулуктун талабынын негизинде Кулов бошотулмак дагы, кыргыз тарыхы башка нукта өнүгүшү толук мүмкүн эле. Жогоруда айтылгандай, 2002-жылдагы Аксы, 2010-жылдын Апрель, Июнь окуяларындагыдай жүздөгөн күнөөсүз адамдардын өмүрү кыйылмак эместир... Балким, кыргыздын кызыкчылыгына каршы иштеген "Кумтөр" келишимдери түзүлмөк эмес.
2010-жылкы Конституцияны даярдоонун башында тургандардын бири Өмүрбек Текебаев БУУнун комитети Аскаровдун иши боюнча Кыргыз Республикасына талап коё албасын, сунуш гана берерин айтты. Конституция - өлкөнүн эң негизги юридикалык документи, андан жогоркусу жок. Башкы документте "Кыргыз Республикасы эл аралык органдардын сунушун карап көрөт" деген норма жок, анда даана жазылып турат. Демек, Аскаровду түрмөдөн бошотууга туура келет.
Өлкөдөгү айрым күчтөр эми Аскаровдун ишинин арты менен Конституциянын 41-беренесин шылтоо кылышып Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин кайра башташы мүмкүн. Конституцияны өзгөртүүнү каалагандар "Мамлекеттин көз карандысыздыгына доо кетирүүдө" деген аргументти айтышы мүмкүн. Эгерде өлкөдө 2010-жылдан бери сот жана укук коргоо органдарында чын эле реформа жүргүзүлүп, элдин ишенимине ээ болсо, бир дагы эл аралык уюм Кыргыз Республикасына мындай негизде сын тага алмак эмес, анткени өлкөнүн эли сот органдарына ишенерин билишмек. Кыргыз сотунун азыркы абалын эл аралык уюмдар жакшы билишет.
Казакстан өз аймагына Кыргыз Республикасынан картошка киргизүүнү токтотту. Аталган өлкөнүн тийиштүү министрлиги Казакстанга кыргыз жеринен нематодадан жабыркаган уулуу картошка киргизилип жаткандыктан ушундай чара көрүлгөнүн билдирүүдө. "Ушул жылдын январь айынан тарта уулануу боюнча 79 факт катталган. Казак тарап Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу келишимдин жоболоруна ылайык жана Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык конвенцияга таянуу менен 4-майдан тарта кыргыз өлкөсүнөн картошка алууга тыюу салган", - деп айтылат казакстандык басылмалар тараткан маалыматта. Коңшулардын мындай аракетин мамлекетибиздин тийиштүү органдары да тастыкташты.
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болордо Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин "Бажы союзуна киргенден кийин дыйкандардын товары чек арадан тоскоолдуксуз өтүп, 170 миллион кардары бар рынокко жол ачылат" дегени элдин эсинде. Уюмга кошулгандан кийин дыйкандар менен фермерлер жыргап кетишкен жок, чек арадагы тоскоолдуктар мурунку бойдон калууда. Кыргыз мамлекетинин 2015-жылдын августунда ЕАЭБге кириши менен Казакстан чек арадагы жеңилдиктерин дароо берген жок. Аталган өлкөгө кыргыз жеринен товар ташыгандардан акча талап кылышып, буга кыргыз ишкерлери нааразычылык билдирип чыгышканы да белгилүү. Казакстандын чек арасындагы санитардык-карантин жана фитосанитардык көзөмөл да бир топко чейин алынбай турган. Өлкөнүн биримдикке кошулганына 1 жылга жакындап баратат, жыйынтыгы ушундай. Кыргыз өндүрүшчүлөрү үмүт кылган жеңилдиктер жетиштүү түрдө сезилбей жатат. 170 миллион кардары бар рынок ачылганы менен, биздин өндүрүшчүлөрдүн аны пайдалануусуна дагы эле мүмкүнчүлүк түзүлө элек.