Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл аймагына караштуу Кайыңды айылында дыйкандар өгүз, уйлар менен жер айдоого аргасыз. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Учурда жер айдоо кызуу жүрүп жатат. Айылыбызда жалгыз трактор бар. Ал элдин жерин айдоого жетишпейт. Ал тургай 1 гектар жерди 7 миң сомго айдайт. Бул сумма дыйкандарга оор келет. Жер айдап эгин эгүүнүн убагы өтүп кетпесин деп айылдыктар өгүз, уйлар менен жер айдашат. Дыйкандарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шарт түзүп беришсе жакшы болор эле", - деди окурман.
Мындан тышкары ал Дара айыл аймагындагы Кайыңды айылы райондун борборунан 90 чакырым алыстыкта жайгашканын баса белгиледи. "Айылда 200гө жакын кожолук жашайт. Айылдыктар негизинен картошка, жүгөрү, тамеки эгишет", - деп кошумчалады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.