Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө

Учурда Өкмөт үйүндө КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бир катар кыргыз тилдүү ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүдө. Бул жолугушуу Өкмөт тарабынан демилгеленип, мындай пикир алышууларды 2 айда бир жолу уюштуруп туруу пландаштырылууда. Премьер-министр учурда кышка даярдык боюнча өкмөттүн аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берүүдө. "Мен премьер-министр болуп келгенден бери кышка даярдык иштери менин көзөмөлүмдө. Туура, кемчиликтер бар, муну моюнга алам. Анча-мынча кайдыгер жетекчилер болуп жатат. Негизинен, быйылкы кышка карата даярдык жаман эмес. Көмүр бар, газ боюнча келишимдер да бар, мазут, буу казандары даяр",- дейт премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан