ЭЛДИК КАБАР: Ош-Исфана жолунда 18 тонна газы менен жүк ташуучу унаа оодарылып кетти

Ош-Исфана жолунда 18 тонна газы менен унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Ош-Исфана жолунда 18 тонна газ жүктөп бараткан DAF-480 жүк ташуучу унаасы оодарылып кетти. Унаа катуу ылдамдыкта бараткан. Бурулуштан рулду башкара албай оодарылып кетти. Бул жол жакында эле оңдолгон. Айдоочулар бул жолдон жогорку ылдамдыкта айдап жатышат. Унааны башкарып бараткан адам ооруканага барчудай жаракат алган жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан