Бүгүн, 6-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы №718-аскер бөлүгүндө бир жоокер каза тапты. Маалыматка таянсак, аталган аскер бөлүгүндө жоокерлер арасында мушташ чыгып, оор жаракат алган 19 жаштагы жоокер А.Актилек ооруканага жеткирилгенин айтышты. Тилекке каршы, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
2015-жылдын июнунда аскердик кызматын өтөп жаткан учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 1997-жылы туулган тургуну Нурсултан Карагулов каза тапкан. Маркумдун жакындары анын асынып алганы тууралуу маалыматка ишенбестигин билдирип чыгышкан. Аталган факт боюнча иш бүгүнкү күнгө чейин сотко өтө элек, тийиштүү органдар иликтөө иштери бүтпөй жатканын айтышууда.
2016-жылдын фералында Балыкчы шаарындагы №20636-аскер бөлүгүндө бир күндө 2 жоокердин октон жаракат алышы да коомчулукта күдүктөнүү жараткан. Аскердик бөлүктүн жетекчилиги жоокерлер машыгуу учурунда куралды туура эмес колдонуудан жаракат алышканын билдиргени маалым. Жоокерлердин бири башына тийген октон өзүнө келе албай эртеси каза тапкан. Бул иштин иликтөөсү качан бүтөрү белгисиз.
Кыргыз армиясында жоокерлердин "сырдуу" каза табышы токтой элек. Аскерлердин каза болушуна байланыштуу армия жетекчилиги жоопкерчиликти моюнга алган учурлар жокко эсе. Статистикалык маалыматтар боюнча, бул иштердин көпчүлүгү "өз өмүрүн кыйды" деп жабылып калат. Аскердеги "дедовщина" тынымсыз айтылып жүргөнү менен, аны жоготууга жасалган олуттуу аракеттерден кабар жок. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев акыркы 4 жылда 62 жоокер аскердик кызмат өтөп жүрүп каза болгонун, анын 70 пайызында иш "суицид" катары жыйынтыкталганын маалымдады. Бирок ата-энелердин көбү балдарынын "суицидге" барганына ишенишпейт. Парламенттин Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана укук тартиби боюнча комитетине акыркы 2 жылда эле 1488 арыз келип түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгүн аскерлерге уставдан сырт жасалган мыйзамсыз мамилеге жана командирлерге болгон нааразычылык түзгөнүн айтат депутат. Маалыматка таянсак, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө азыркы учурда 3 генерал бар (пенсияга кеткендерин кошпогондо).
Аскердеги "дедовщинага" каршы Республикалык жоокерлердин энелер комитети да түзүлүп, бирок абал жакшырып кеткен жок. Жоокерлердин өлүмү дагы эле өсүп, көбүнчө күнөөлүүлөр табылбаган бойдон калууда. Ушундай жагдайлардан кийин 9 ай толгонуп, 18 жыл бапестеп өстүргөн баласын кайсы эле ата-эне аскерге жөнөткүсү келсин?..
Москвада 2016-жылдын 18-апрелинде метродо кыргыз жарандарына кол салгандар кармалганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Шаардык каттамдагы поезддердин биринен белгисиз адамдардын кыргыз жарандарына кол салышканы видеого түшүп калган. Алар поезддин ичинде жөн-жай бараткан эки кыргыз баланы токмоктоп салышкан. Жабырлануучулар аймактык ооруканага жеткирилип, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Орусиянын бир катар маалымат каражаттары мигранттарга кол салгандар скинхеддер экенин жазышып, Москва полициясы муну четке кагууда. Аларды "Спартак" футболдук клубунун фанаттары деп атады. Бирок алардын чач жасалгасына (такыр баш), мигранттарга кол салуусуна караганда, ММКлардын айтканы чындыкка жакын. Кылмыштын өмүргө коркунуч жаратуу, ден соолукка зыян келтирүү экени көрүнүп турганына карабай аларга "бейбаштык" беренеси менен иш козголду.
Скинхеддердин колунан жабыркаган жана каза тапкан мекендештер ондоп же жүздөп саналат. Такыр баштар көп жылдардан бери 20-апрелди өздөрүнүн майрамы катары белгилешип, бул күнү башка улуттун жарандары көчөгө чыгуудан коркушат. 20-апрель - атактуу Адольф Гитлердин туулган күнү. Орусиядагы улутчул күчтөр бул датаны атайын майрамдап белгилешкени ушуга байланыштуу. Скинхеддердин мыкаачылык иштери айрыкча 2008-2010-жылдары катуу күчөгөн. Мисалы, 2008-жылы январь айынын ичинде эле 9 кыргызстандык жаранды скинхеддер мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Кыргыз жеринен Орусияга иштегени барган кыргыз мигранттары булардан коркуп жашап келишсе, эми алардын үрөйүн учуруучулардын катарына өздөрүн патриот аташкан жалган "патриоттор" кошулду...
Быйылкы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрүчүлөр улак эмес, кайыштан жасалган муляж тартып калышы мүмкүн. Маалыматты SUPER.KG порталына Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы Алмаз Касенов ырастап, себебин түшүндүрдү. Анын айтымына караганда, кыргыз өлкөсү көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүүнү көздөөдө. Аталган уюм жандыктарды аёосуз кордоого каршылыгын билдирип, көк бөрүнү тизмеге каттоо үчүн улактын ордуна муляж жасап чыгууну сунуштаган. Кыргыз тарап айтылган сунушту аткарууга макулдук бергени жатат.
Социалдык тармактарда айрым жарандар улакты муляжга алмаштыруу демилгесин колдоп акция башташты. Алар мындай жол менен ысырапкорчулук азаярын (болжол менен 1 жылда көк бөрү үчүн 5000 торпок союларын айтышууда) билдиришүүдө. Ошол эле учурда "көк бөрүдө чыныгы улакты же торпокту эмес, муляжды тартчу болсок, оюндун тузу кетет" дегендер да чыкты. Жаныбарларды кыйноо элементин Испаниянын коррида оюнунан көрүүгө болот. Анда атайын даярдалган букаларды болушунча кыйнап, кордошот. Каталонияда бул оюнга каршылар аны токтотууну талап кылышып, акыры жеңишке жетишишкен. Каталония парламенти чечим чыгарып, аймакта 2012-жылдын 1-январынан тарта аталган оюн өткөрүлбөйт. Ошол эле учурда оюнду кайра жандантууну талап кылган жарандык коом дагы бар.
Көк бөрүнүн кыргыз өлкөсүнүн атынан ЮНЕСКОнун тизмесине кириши маанилүү. Бул оюнду Казакстан да өзүнүн атынан каттатууга аракеттенип келет. Бишкекте жакында жарандык активисттер да ушуну айтып чыгышып, кыргыз өкмөтүн "кыймылдоого" чакырган. "Бул маселе менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине барсак, алар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине жиберишет же өкмөткө. Буга эч ким олуттуу көңүл бурбай жатат. Президентке, өкмөткө кайрылып, суранып кетебиз. Болбосо бир канча жылдан кийин казактардын көкпарын (көк бөрүнүн казакча аталышы) ойноп калабыз", - деген активист Туратбек Эсенаманов.