Борбор калаадагы Ак-Тилек жаңы конушунда ички жолдор бузулуп, айдоочуларга жана жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу бүгүн окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Жолубуз абдан бузулуп кетти. Жамгырда суу толуп айдоочуларга да, жашоочуларга да ыңгайсыздык жаратып жатат. Мэрияга барып абалды айтсак, "Ал жолго асфальт төшөлгөн, отчётто бар. Кайра акча бөлбөйбүз" деп коюшкан. Чындыгында, бул жол көп убакыттан бери карала элек. 5 мүнөттө жетчү жерге 15-20 мүнөт коротуп кыйынчылык менен жетебиз. Жасалбаган жолду жасалды деген мэриянын кызматкерлерине жашоочулар нааразыланып жатышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.