ЭЛДИК КАБАР: Орусиянын Красноярск шаарында кар жаап, айдоочуларга ыңгайсыздык жаралды (фото)

Орусиянын Красноярск шаарында кар жаап, жолдор тазаланбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Орусиянын Красноярск шаарында калыңдыгы 15 сантиметрге жеткен кар жаады. Кечээтен бери жамгыр жаап жаткан эле, түнкүсүн карга айланып кетти. Биз үчүн күтүүсүз болду. Бүгүн дем алыш күн болгондуктанбы, айтор, шаарда кар күрөлбөй, жол тазаланбай айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатат", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kirgizstan
2016-05-09 15:32:26
Аны супер инфо чечип бермек беле, же куроп бермек беле.
+5
admin_portal
2016-05-09 15:36:18
PatriotKG01, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Дайыны жок билдирүү жаза бербеңиз. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
+1
sher.ella
2016-05-09 15:37:48
Кыргызстанга эмне тийешеси бар
+7
arawan
2016-05-09 15:53:08
ал орустардын иши да бизге не кереги бар же смартфонду ушуга беребизби я?
+2
kani135
2016-05-09 16:06:19
хахаха го
+1
Jyrgal_msk
2016-05-09 16:48:38
Жанылык жазып ататго,смартфон алыш учун эле жазыш керекби?Эгер мен жазсам смартфондун кереги деле жок.Кыргызстанда жанылык жазгандай эле,ал жакта да кыргыздар бар.Супер инфону чет жердеги кыргыздар да окуйт.
+6
admin_portal
2016-05-10 11:24:42
suymon, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан