Окуучулар 105 жаштагы согуш ардагери Жоро Шералиевден кабар алышты. Бул тууралуу окурман бүгүн, 9-майда WatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Биз 105 жашка чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Жоро Шералиевдин үйүнө барып, ардагерден кабар алдык. Жеңиштин 71 жылдыгына карата куттуктап, жылуу сөзүбүздү айтып, белек берип келдик. Бул күнү ардагердин үйүн тазалап, отун-суусун камдап бердик. Биз согуш талаасында от кечкен аталарга түбөлүк таазим этебиз. Кийинки жаш муундарга аталарды даңктоону үйрөтүүнү колго алганбыз", - деп билдирди окурман.
Согуш ардагери учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айылында жашайт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.