ЭЛДИК КАБАР: Ала-Бука районундагы жалгыз сейил бак жараксыз абалда. Балдар иштен чыккан каруселдерде ойногонго аргасыз

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы жалгыз сейил бак жараксыз абалда. Балдар иштен чыккан каруселдерде ойногонго аргасыз. Бул тууралуу окурман 10-майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Сейил бак акыркы 10-15 жылдан бери жараксыз абалда турат. Каруселдерди дат басып, иштен чыгып калган, бирок райондо башка эс алганга барчу жерлер жок. Балдар айла жок ошол дат баскан каруселдерди өздөрү айлантып ойношот. Эгер сейил бакты ижарага иштеткенге берсе, өкмөткө деле акча түшүп турмак", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
toni_1984
2016-05-11 13:43:49
ар бир бала ойногонго укукту бийлик эмне кылып атат ушуларды ондоп койсо ар бир баланын жылмайып ойногону кандай сонун, ананле ак уйдо 3 комната талашып
+2
men_aman
2016-05-11 15:36:43
120кой бир Атамбай башка эч нерсе калбады
+1
aash
2016-05-11 20:35:58
men_aman,Адеп деген калбай калган го? Тушундурмонуз (комментарий) жийиркеничтуу.
-1
talant87
2016-05-11 16:49:36
аны ондойм десе берген эмес эле агада 3жыл болду менин бир иним
+1
saya
2016-05-12 01:05:19
Биз кичине кезибизде иштечу эле майрамдарда барып каруселге тушуп келчу элек,эми андан бери 20 жыл отту.Иштебей дат басып турат кээ бир темирлерин жулуп алып кетишкен.Ондоп иштетип койсо сонун болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан