5-апрелде Бишкектеги Кинематография департаментинде 2012-жылы бельгиялык жаш режиссёрлор Кристоф Ролэнд жана Марк Рекия тарабынан тартылган “Уктабаган жигит” аттуу даректүү тасманын бет ачары болот. Тасмада Токон аттуу адамдын үй-бүлөсү, анын Гүлзат аттуу мигрант кызы жана оорукчан аялы тууралуу баяндалат. Тасманын узактыгы 49 мүнөт.