Жантөрө Сатыбалдиев: "Кыргыз байларынын башка бирөөнүн экономикасына инвестор болгону мени өкүндүрөт"

Журналисттердин суроолоруна жооп берген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы негизги маселелерге да токтолду."Жакынкы аралыкта Кыргызстанда 4 чоң комбинат ишке кирет. Алар Кеминдеги "Талды-Булак" алтын кени, Ала-Бука районунда "Бозумчак" алтын кени жана башкалар. Булар 2013-2014-жылдарда ишке кирмекчи. Бул төрт ишкана биригип "Кумтөрдүн" деңгээлине жетет. Бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетикадагы кемчиликтерди жоюп, нормативдик базага түшүрүшүбүз керек. Ошондой эле айыл чарба тармагын көтөрүш абзел. Мени эң өкүндүргөнү, кыргыздын байларынын башка экономикага инвестиция кылып жатышканы. Ошолорго биз шарт түзүп берип, көмүскө экономикадан чыксак, экономиканы өнүктүрүүгө толук шарт бар",- деди өкмөт башчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан