Орус композитору Сергей Рахманиновдун 140 жылдыгына карата Бишкектеги К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда концерт болот. Айтылгандай, иш-чарада аталган композитордун чыгармаларын Элнура Самарбекова, Таир Бейшеев, Заира Раимбекова, Саян Исин, Марина Шипулина, Глеб Ким, Дмитрий Черных, Тилек Найманбаев өңдүү ырчылар аткарышат. Аталган ырчылар учурда А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында эмгектенери белгилүү. Кечеге кирүү акысыз.