Окумуштуулар Тынч океандын 5 аралы суу астында калып жок болгонун аныкташты

Австралиялык окумуштуулар Тынч океандын 5 аралы суу астында калып жок болгонун аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Австралиядагы Квинсленд жана Тасмания университеттеринин окумуштуулары 1947-жылдан баштап 2014-жылга чейинки убакыт аралыгында спутник аркылуу тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып, Тынч океанда беш арал жок болуп кеткенин аныкташкан. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгында төмөнкү маалыматтар айтылат: "Тынч океандын суусунун деңгээли жогорулап, жылына 7 миллиметрге өсүүдө. Мындан улам учурда океандын дагы 6 аралы суу каптоо коркунучунда. Муну менен катар ал жакта жашаган чымчыктар, таш бакалар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар дагы суу астында жок болуусу мүмкүн".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arslan12
2016-05-13 17:07:01
Адам баласына коркунуч болуп атса окмуштуулар эмнени айтып атышат таш-бака чымчык деп!
-4
bond
2016-05-13 17:57:32
Arslan12,жаратылышта баары бири бири менен тыгыз байланышта.
+5
diaz
2016-05-14 11:38:16
Arslan12,тоо десе бее дейтко
0
behappy74
2016-05-14 05:16:00
Аралдын Суу алдына калганын билиш учун окумуштуу болуп изилдештин эч кажети жок.Ал жонокой адамдын деле козуно корунуп турат
0
peri05
2016-06-08 19:55:43
behappy74,Ооба жонокой адам байкай алат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан