Төрт райондун акимдери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов, Нарын облусунун Кочкор районунун акими Баялы Досалиев, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов кызматынан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.