
1-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" жыл бою иштөөчү тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал күнү лыжа тебүүгө уруксат жок. 2-декабрдан тартып иштей баштайт.
Белгилей кетсек, иш-чарада Жейсон Деруло, Willy William, Berat Mert Demir, Morandi, Кайрат Нуртас, Ирина Кайратовна, Бегиш, Jax жана DJ King Macarella сахнага чыгат.
Ачылыш аземи саат 13:00дө башталат.