Бишкек шаарынын Гагарин жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган айдоочу айым Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобусту сүзүп кетти. Бул тууралуу окурман 14-майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Айдоочу айым мас экенин мойнуна албай, милиция чакыртууга каршы чыкты. Ал баарын төлөп берерин айтып, милиция чакыртпай койду. Жанында эч кандай документи жок экен. Кичи автобустун айдоочусу башынан жаракат алып, кечке башын кармалап жатты", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.