"Евровидение" Эл аралык сынагы бүгүн, 15-майда жыйынтыкталды. Финалга чыккан 26 өлкөнүн катышуучуларынын арасынан Украина өлкөсүнүн өкүлү, Ошто төрөлгөн Жамала 1-орунду алса, 2-орунду Австралия өлкөсүнүн өкүлү Дэми Им, 3-орунду орусиялык Сергей Лазарев ээледи.
"Евровидение 2016" Эл аралык сынагында "1944" ыры менен 1-орунду алган Жамала аталган чыгармасынын тарыхы тууралуу берген маектеринде: "Бул ыр - менин тарыхым, менин үй-бүлөмдүн тарыхы. Назылхан чоң энемдин айтымына караганда, ал кичинекей балдары менен 1944-жылдын 18-майында Борбор Азияга депортацияланган. Ошол учурда чоң энем кичинекей кызын жоготкон. Жадакалса аны көмүүгө мүмкүнчүлүгү да болгон эмес экен", - деп билдирген эле.
Финалда 26 катышуучу: биринчи жана экинчи жарым финалдан өткөн 20 катышуучу, үй ээси Швеция, "беш чоңдукка" кирген (сынактын негиздөөчүлөрү жана башкы демөөрчүлөр) Улуу Британия, Германия, Испания, Италия, Франциянын өкүлдөрү ат салышкан.
Белгилей кетсек, 10-майда сынактын биринчи жарым финалы болуп өткөн. Анда 18 өлкөдөн келген катышуучулардын арасынан 10 өлкөнүн мыкты делген ырчылары финалга чыгышкан.