25-28-мартта Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык балдар сынагында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу №6-балдар мектебинин “Жаш канат” хореографиялык ансамбли жеңүүчү болду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, сынак хореография, эстрадалык вокал, аспапта ойноо, көркөм окуу жана мода көрсөтүү сыяктуу баскычтардан турду. Ал эми кыргызстандык жаш таланттар сынактын хореография түрүндө баш байгени жеңип алышты. Айта кетсек, иш-чарага 2 миңге жакын бала катышкан.