Бишкекте унаа эки студент кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, 16-майда саат 14:30 чамасында 7-кичи районунун Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү жолдон 2 студент кызды Ниссан үлгүсүндөгү унаа сүздү. "Тез жардам" кызматы жабырлануучуларды 4-шаардык ооруканага алып кетти.
"Бул жерде көп учурда ушундай кырсыктар катталат. Өткөн жылдын октябрь айында мектеп окуучусун унаа сүзүп, бала ошол жерден каза болгон. Шаардык жол башкармалыгы, МАИ кызматы жол чырак коюп берсе мындай кырсыктар болмок эмес. Аталган жол 3000ге жакын студент, 2 мектептин окуучулары, 2 балдар бакчасынын тарбиялануучулары өтчү кесилиш жол болуп саналат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.