ЭЛДИК ВИДЕО: Дүйнөдөгү эң чоң "Harmony of the seas" аттуу лайнер узак сапарга чыкты

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Дүйнөдөгү эң чоң "Harmony of the seas" аттуу лайнер узак сапарга аттанды" аттуу видео жүктөлдү (ник: Kimbar).

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, 15-майда дүйнөдөгү эӊ чоӊ "Harmony of the Seas" ("Деӊиздердин гармониясы") жүргүнчү ташуучу лайнери Сен-Назер франциялык портунан алгачкы сапарына чыккан. Лайнер Улуу Британиянын түштүк жээгиндеги Саутгемптон портуна келип, алгачкы жүргүнчүлөрдү салат. Андан соӊ түштүк багытты көздөй Жер ортолук деӊизи боюнча жол алат.

Маалыматтарга караганда, дүйнөдөгү эӊ чоӊ кеменин узундугу 362 метр, туурасы 66 метр, бийиктиги 72 метрди түзөт. Кеме бортуна 6360 жүргүнчү жана 2000ден ашуун экипаж мүчөлөрүн батыра алат.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulya21
2016-05-17 18:26:01
Титаниктен да чонбу ошондо, титанике окшобосун коп кызмат кылсын ылайым
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан