Ош шаарында акын Жолон Мамытовдун туулган күнү белгиленди

Бүгүн, 1-апрелде Ош шаарында белгилүү акын Жолон Мамытовдун туулган күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Алгач акындын туулган айылы Төлөйкөндөгү анын ысымын алып жүргөн мектептеги эстелигине гүлчамбар коюлуп, чыгармачылык кече уюштурулду. Ошондой эле бул күнү шаардагы журналисттер аллеясына Ж.Мамытовдун ысымы ыйгарылды. Эске сала кетсек, акын Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде туулган. Акындын “Отту сүйөм”, “Мезгилдин элеси”, “Жарышкан суулар” сыяктуу бир нече ыр жыйнагы чыккан. М.Слуцкис, Ф.Тютчев, А.Фет, В.Маяковскийдин, О.Сулейменовдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ал 1988-жылы дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан