Бишкекте этикага туура келбеген спектаклдерди коюуга тыюу салынды

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Бишкекте этикага туура келбеген спектаклдерди коюуга тыюу салды. “Борбордо америкалык драматург Ева Энцлердин "Жаңжалдуу" спектакли коюла турганы маалым болду. Аты айтып тургандай эле бул спектакль этикага жатпаган, уяттуу кыймыл-аракеттерди камтыйт. Бул сахналаштырылган оюн мурда да көрсөтүлгөн. Бирок көпчүлүк маданият жана коомдук кызматкерлер мындай чыгармалардын коюлушу кыргыздын улуттук каада-салтына каршы келе тургандыгын айтышып нааразы болушкан”,- деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан