АКШнын Орегон штатында Лост аталышындагы көл (Lost Lake) ар жылы жай мезгилинде жоголуп, кыш мезгилинде кайрадан калыбына келип турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындай өзгөчөлүү жаратылыш кубулушу менен айырмаланган Лост көлү Жефферсон жанар тоосунун жанында жайгашкан. Жанар тоонун таасиринен улам көлдө чоң аң пайда болгон. Жаз мезгилинде көлдөгү суунун баары аңга чогулуп, жайдын эң ысык убагында көл түбү менен жок болуп турат. Ал эми суук түшкөн кезде кайрадан көл калыбына келип калат. Учурда окумуштуулар аңдагы көлдүн суусу кайда кетерин изилдеп жатышканы айтылат маалыматта.